Бишкекте унаа тебелеп кетип каза болгон жарандын жакындары изделет (абайлаңыз сүрөт)

Бишкекте унаа тебелеп кетип каза болгон жарандын жакындары изделет. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалымдалгандай, 11-майда түнкү саат 00:30дар чамасында 23 жаштагы жигит Гольф үлгүсүндөгү автоунаа менен Горький көчөсүндө бара жатып Минин көчөсүнө жетпей жолдо жаткан адамды тебелеп кеткен.
Жабырлануучу кырсыктан кийин ооруканага жеткирилип, бирок эсине келбей каза болгон. Маркум болжол менен 40-45 жашта экени айтылат.
Белгилери: бою 165-170 сантиметр, чачы кара, орто дене түзүлүштө, кашынын ортосунда тырыгы бар.
Кийген кийимдери: Көк жынсы, кара түстөгү спорттук бут кийим жана кара футболка.
Сүрөттөгү адам тууралуу маалыматы барлар төмөнкү телефондор аркылуу кабарласа болот: (0312) 53-22-33, (0312) 53-01-81, (0553) 102-702.


