Эртең Бишкекте республикалык "Бактылуу балалык" фестивалы өтөт
Эртең, 1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата борбор калаада республикалык "Бактылуу балалык" фестивалы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
"Фестиваль "Сейтек" улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда өтөт. Иш-чарага Билим берүү министри Каныбек Иманалиев катышып, көргөзмөдөгү балдардын чыгармачылыгы жана мастер-класстардын иши менен таанышат. Андан соң министр Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде балдардын сүрөттөрүнүн эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышына дагы катышат", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага Франция, Казакстан, Өзбекстан жана Армениянын элчилери да чакырылганы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.