super.kg logo

Кеминдин Боролдой айылы таза суу менен камсыз болду

 

Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылынын тургундары таза суу менен камсыз болушту. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-майда аталган агенттиктин, Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия аймагы боюнча вице-президенти Антонелла Бассани, суу ресурстары боюнча глобалдык директору Сародж Кумар Джа, Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин жана жергиликтүү бийлик органдарынын делегациясынын катышуусунда ичүүчү суу менен камсыздоо тутумунун салтанаттуу ачылышы болду.

"Анда долбоордук-сметалык документтер иштелип чыккан. Анын негизинде толук кандуу суу менен камсыздоо системасы үчүн бир катар маанилүү инфраструктуралык курулуштарды куруу жана реабилитациялоо боюнча техникалык чечимдер кабыл алынган. Ошого байланыштуу 2021-жылдын 4-августунда курулуш-монтаждоо иштери башталып, ичүүчү суу менен камсыз болгон калктын жалпы саны 2163 адамды түзөт", - деп билдирди мекемеден.

Аткарылган иштердин тизмеси:

1. Суу алуучу аянтча:
* Колдонуудагы 2 скважинаны 140-145 метр тереңдикте реабилитациялоо.
* 2 жаңы 22 куб метр/саат тереңдик насосторун орнотуу.
* Дарбазанын имаратын куруу.
* Суу тосмосун куруу.

2. Суу мунарасынын аянтчасы:
* 50 куб метр суу мунарасын куруу.
* Бактерициддик орнотуу менен зыянсыздандыруу имаратын куруу.
* Көзөмөл-өткөрүү пунктунан дарбазанын имаратын куруу.
* Суу мунарасынын аянтчасынын тосмосун куруу.

З. Суу берүү жана бөлүштүрүү тармагы (жалпы узундугу 14 639 метр)
* Суу өткөргүч -1200 метр;
* Бөлүштүрүү тармак: 13,439 метр.

4. Бөлүштүрүүчү кудуктардын саны 161 бирдик.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: