super.kg logo

Садыр Жапаров: "Депутат инвестордон миллиондорду талап кылган"

 

Чолпон-Ата шаарына беш жылдыздуу мейманкана куруу пландалып, бирок жергиликтүү депутат инвестордон акча талап кылгандыктан иш создуктурулган. Бул тууралуу кечээ, 30-майда президент Садыр Жапаров Чолпон-Атадагы жаңы курулган парктын ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

Анын маалыматына караганда, жергиликтүү депутаттардын бири инвестордон 1 миллион сом алган. Президент белгилегендей, мындай кадамдардан улам бир канча объектилердин курулушу улам кечеңдеп жатат.

"Былтыр сейил бакты куруунун алдында Чолпон-Ата шаарынын жетекчилигин, депутаттарды чогултуп, ушул жана башка объектилерди курууга көмөктөшүүнү, ички инвесторлорго жардам берүүнү өтүнгөм. Бул жерде өзүбүздүн бала мейманкана салам десе бут тосуп жатышат. Арасынан бир депутат, Урмат деген экен, 1 миллион сом алыптыр. "Мен каршы чыгам, депутаттардын баарын каршы үндөйм, сага салдырбайм, жаштардын атынан келдим, жаштар каршы чыгабыз" деп 10 миң доллар алыптыр. Ишкер ушулардын оозун басайын деп, акча бердим дейт. Тилекке каршы, ушинтип бут тосуп, иш жасап жаткан адамды көрө албайбыз", - деди президент.

Президент ошондой эле "Асман" шаарынын курулушунда да инвесторго тоскоолдук кылбоого жана акча талап кылбоого чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: