super.kg logo

"40 миң сомго дагы курбайт элем". Садыр Жапаров Тамчыга салынган аялдаманы кескин сынга алды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарынын жашоочулары менен жолугушуу учурунда Тамчы айылына 844 миң сомго курулган аялдаманы кескин сынга алды.

Президент өз сөзүндө мындай аялдаманы 844 миң эмес, 40 миң сомго дагы курбай турганын айтты.

"Мындан 1 жарым ай мурун Тамчынын аэропортунан чыгып эле бери карай кайрылдым. Кайрылсам эле жолдун жээгинде кечиресиздер катуу айтсам, ажаткана турат да. Эми ажаткана сыяктуу аялдама. Анан дароо чалып эле "Ай ушуну ким курду, бир жума мурун эле жок эле анан кайсы акчага курду" десем Башкы прокуратура үч күндөн кийин берди. 840 миң сом коротуптур, айыл өкмөт Кумтөрдөн түшкөн акчага куруптур. 840 миң сом, ошону мен 40 миң сомго дагы курбайт элем. Бир 20 миңге куруп коёт элем да. Анан камалды, мына бүгүн эки эселеп төгүп жатат", - деди Садыр Жапаров.

Эске салсак, 20-майда Башкы прокуратура Ысык-Көл районун өнүктүрүү фондунун директору менен Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы кармалгандыгын билдирген.

Анда "Тамчы" эл аралык аэропортунун маңдайындагы эки аялдама пунктунун курулушунун мыйзамдуулугу текшерилип, талаптагыдай салынбаганына карабастан, 844 миң 100 сом фонддон которулгандыгы аныкталып, кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.05.2023. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу президент ушул тендерге уткандарга каттуу козомол кылбасаныз кыргызстанды жеп бутту ушулар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: