Июнь айынын биринчи күнүнө карата аба ырайы
Эртең, 1-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул туурасында Кыргызгидромет борбору маалымдайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,
Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +24…+29,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+26.
Борбор калаа Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +28…+30 градус болот.
Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.