super.kg logo

Бишкек мэриясы таштанды тазалаган "БишкекВторРесурс" ЖЧКсы менен болгон келишимди бузду

 

Бишкек шаардык мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев «БишкекВторРесурс» ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимди бузду. Мындан ары Октябрь районун "Тазалык" ишканасы тейлейт. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Октябрь районунан катуу тиричилик таштандылары чыгарылбай жаткандыгы боюнча тургундардан көптөгөн арыздар келип түшкөн. Ага ылайык, мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев башында турган комиссия түзүлүп, текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө «БишкекВторРесурс» ЖЧКсы тарабынан келишимдик милдеттенмелерди аткарбоо фактылары аныкталды.

Мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев Октябрь районунун акимине аталган ишкана менен таштанды чыгаруу кызматын көрсөтүү боюнча келишимди бузууну тапшырды.

Маалыматта, көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан аталган ишканага карата 20 акт түзүлгөн. «БишкекВторРесурс» ЖЧКсы «Тазалык» МИ жана «Бишкек санитардык полигону» МИнин алдындагы милдеттенмелерин аткарган жок, бул кредитордук карызга алып келгендиги тууралуу айтылды.

"Октябрь районундагы таштанды чыгаруу функциясы «Тазалык» муниципалдык ишканасына өтөт. Ишканага бардык таштанды жайларын инвентаризациялоо жана келтирилген материалдык чыгымды көрсөтүү тапшырылды", - деп билдирди мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: