super.kg logo

2023-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы "Газпром" компаниялар тобунун салык төлөмдөрү 1,9 миллиард сомдон ашты

 

Салыктык чегерүүлөрдү төлөө мамлекеттүүлүктүн маанилүү принциптеринин бири болуп саналат жана республиканын аймагында жашаган жана өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн бардык жеке жана юридикалык жактарга милдеттүү.

Белгилүү болгондой, салыктардан мамлекеттик бюджет түзүлөт, андан пенсиялар, мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыгы төлөнүп, жолдор, мектептер, ооруканалар жана башка социалдык мекемелер курулуп, оңдолууда.

Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобунун иштешинин маанилүү принциптеринин бири бизнести ачык-айкын жүргүзүү болуп саналат, анын эң маанилүү бөлүгү болуп өлкө бюджетине бардык белгиленген салыктарды өз убагында төлөө эсептелет.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында «Газпром» тобунун үч компаниясы иштеп жатат:

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы компаниянын ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары болуп Кыргыз Республикасынын аймагында газды ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу, ошондой эле колдонуудагы газды транспорттоо системаларын реконструкциялоо жана кеңейтүү саналат;

«Газпром нефть Азия» ЖЧКсы ишкана республиканын аймагында мотор отун-майларын дүң жана чекене сатуу менен алектенет.

«Газпромнефть-Аэро Кыргызстан» ЖЧКсы — Кыргызстанга авиа отун-майын жеткирүү боюнча логистиканы ишке ашырат.

2023-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктык чегерүүлөрдүн көлөмү, анын ичинде Социалдык фондго төлөмдөрдү кошо алганда, «Газпром» тобу боюнча 1 миллиард 929 миллион сомду түздү.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча компаниялардын салык төлөмдөрүнүн жалпы көлөмү 5 миллиард 205 миллион сомдон ашты.

«Газпром» компаниялар тобу иштеп баштаган мезгилден бери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине 62 миллиард 98 миллион сомдон ашуун каражат которулган, ал эми өлкөнүн мунай-газ тармагын өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялык салымдардын көлөмү 40 миллиард 443 миллион сомдон ашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: