super.kg logo

"Өкүнүчтүү". Нуржигит Кадырбеков Мадумаровду жоопко тартуу аракети боюнча үн катты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков кесиптеши Адахан Мадумаровду жоопко тартуу аракети боюнча үн катты.

Кадырбековдун айтымында, ушуга окшогон аракеттер боло турган болсо, көптөгөн депутаттар өздөрүнүн оюн айткандан кайтып калат.

"Мунун өзү өтө өкүнүчтүү. Анткени ушуга окшогон аракеттер боло турган болсо, көптөгөн депутаттар өздөрүнүн оюн айткандан кайтып калат. Таза, так позициясынан тартынып калат. Анткени канчалаган адамдардын бизнеси бар, канча адамдар бар кайсы бир деңгээлде туугандары иштеп жаткан. Ошолор үчүн бул аябай чоң сигнал да.

Мен бул киши эмне кылмыш кылганын билбейм. Мурда бир жолу ушундай болгон, бирок анда парламент макулдук берген эмес. Азыркысы боюнча 1-2 беренени айтты аны карап чыгышыбыз керек. Бирок ушундай фактынын болгону өтө өкүнүчтүү. Комиссия түзүлдү, алар карайт, ошонун негизинде биз дагы карайбыз. Бул парламентаризмдин табиятына туура келбей турган окуя болуп жатат", - деди Кадырбеков.

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуш киргизгендигин билдирген.

Андан кийин бул боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
31.05.2023. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи Мадумаров озуго озу кылды мен сабатдуу деп эле сындайт эле эми жооп берсин Баткендеги торт кочонуда айтип койсо эмнеге Тажике 49 жылга кол койуп бергенинда тушундуруп берсе жакшы болмок эл алдындада жузу жарык болот
31.05.2023. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Mashyrbek эгер Мадумаров камалып кетсе жогорку кенеш төрагасы баш болуп бийлик үчүн мойнудан байланган иттей айдаган жагыга басып калышат, бийликтин ошондо кутурганын көрө бер, анткени жогорку кенеш бийликти көзөмөлдөөчү орган,бийликти бирр гана Мадумаров сындап келет, калган депутаттар оозуга талкан салып алгандай олтурушат, бир эки депутат бар хамелиондой кулпуруп турат, бир буту эл менен экинчи буту бийлик жакта талтайып алышкан
01.06.2023. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
☝️ жогорудагы экоонордо эмне "Н" тамгасы жокпу? Озуго анан жагыга дебей, озуно жагына десенер э.
01.06.2023. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин талабын талашып аткан бир кана Адахан болуп жатат бул депутатка тийишбегиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: