super.kg logo

Мэрия шаардыктарды таза сууну үнөмдөөгө чакырат

 

Бишкекте жыл сайын муздак сууну колдонуунун көлөмү жана керектөөчүлөрдүн саны өсүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда шаар боюнча абоненттердин саны 270 миң 342ни түзөт. Ал эми өткөн жылдагы көрсөткүчтөр 263 миң 286 абонентти түзгөн. Жылдык өсүш 7 пайыз. Ошол эле учурда абоненттердин ичүүчү сууну пайдалануусу да өсүүдө.

"Жыл сайын ЖЭБди өчүрүү учурунда ичүүчү суунун көрсөткүчү кыйла жогорулайт. Анын негизинде ичүүчү сууну үнөмдөп, рационалдуу пайдалануу өтө маанилүү. Суу чектелген ресурс жана аны үнөмдүү пайдалануу чоң мааниге ээ экенин эстен чыгарбоо керек" деп билдирди мэриядан.

“Бишкексууканал” ААКсы абоненттерди суу ресурстарына жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана аны сарамжалдуу пайдаланууга чакырат:

  • Жөнөкөй процедуралар учурунда кранды өчүрүү сууну бир топ үнөмдөөгө жардам берет;
  • Кир жуугуч, идиш жуугуч машиналардын толук кубаттуулугун колдонуу зарыл. Бул аппараттарды кир кийимдердин же идиштердин толук комплекти менен иштетүү сууну үнөмдүү пайдаланууга мүмкүндүк берет;
  • Үйдө же турак жайлардын айланасында суу жөндөн - жөн агып жатса, аны оңдоо керек;
  • Жашыл жерлерди сугаруу түнкүсүн гана жүргүзүлүшү керек.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: