Ысык-Көлдөгү дүкөндөрдө желим баштык колдонууга тыюу салынды
Ысык-Көл облусундагы бардык дүкөндөрдө кардарларга желим баштыктарды берүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал Чолпон-Атада чакан дүкөнгө кирип соода кылса баштык бербегенин жазган.
"Чолпон-Атада чакан дүкөнгө кирип соода кылсам баштык берген жок. Көрсө, облус боюнча желим баштыктарды колдонууга тыюу салыптыр. Ар ким мурдагыдай чүпүрөк баштыктарды тигип алып пайдаланышат, чоңурак дүкөндөрдө кагаз баштыктар берилет экен. Айлана-чөйрөнү булгаган желим баштыктарды пайдалануудан баш тартуу, башка аймактарда дагы жайылса. Ысык-Көлдүн эли жакшы демилге баштаптыр",- жазды Орунбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.