super.kg logo

Ошто сууга түшүү сезону башталды

 

Ош шаарындагы "Дельфин" бассейнинде 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата сууга түшүү мезгилинин ачылышы болду. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев катышып, балдарды бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

Майрамдын алкагында, Ош шаарынын балдар үйлөрүнөн жана мектеп-интернаттарынан келген 200 тарбиялануучуга, шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан оюнчуктар, белектер жана спорттук шаймандар, демөөрчүлөр тарабынан таттуулар жана суусундуктар берилди.

Ошондой эле балдарга сүйүктүү жомоктордун жана мультфильмдердин образдарын чагылдырган каармандар өз өнөрлөрүн көрсөтүп, "Келечек" балдардын чыгармачылык борборунун таланттары майрамдык концерт тартуулашты.

Иш-чара Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: