Өлкөдө ысык суу менен жылуулуктун баасы кымбаттады

Тарифтер төмөнкүдөй болот:
Жылуулук (Гкал үчүн):
-
калк үчүн – 1 миң 248 сом (буга чейин 1 миң 134,76 сом);
-
бюджеттик уюмдар, башка керектөөчүлөр үчүн – 2 миң 52 сом (буга чейин 1802 сом болгон).
Ысык суу:
-
калк үчүн прибор менен эсептегенде 1 куб метрге –72 сом (буга чейин 64,3 сом);
-
керектөө нормасы боюнча (айына бир адамга) – 345 сом (309 сом болчу);
-
Өнөр жай объектилери, бюджеттик керектөөчүлөр жана башка керектөөчүлөр үчүн – 117 сом (буга чейин 103 сом болгон).
Эскерте кетсек, Бишкекте 1-июндан тарта ичүүчү сууга жана канализацияны колдонууга болгон төлөмдөр жогорулаган.
Тарифтер сууга төмөнкүдөй болот:
-
калк үчүн – 10,45 сом (буга чейин 8,1 сом);
-
бюджеттик уюмдар үчүн – 12,95 сом (буга чейин 9,1 сом);
-
башка керектөөчүлөр үчүн – 18,5 сом (буга чейин 13 сом).
Канализацияга төмөнкүдөй болот:
-
калк үчүн – 3,45 сом (буга чейин 2,3 сом)
-
бюджеттик мекемелер үчүн – 4,5 сом (буга чейин 3 сом);
-
башка керектөөчүлөр - 9 сом (буга чейин 6 сом болгон).


