super.kg logo

Ошто таштандыларды ылгоочу экинчи аянтча ишке кирди

 

"Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы Э. Алиев жана А.Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде жалпы аянты 105 чарчы метрди түзгөн тиричилик таштандыларын ылгоочу экинчи аянтчаны ишке киргизди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, пунктка кагаз, темир, пластик жана тамак-аш калдыктарын бөлүп таштоо үчүн 12 даана жаңы, заманбап контейнерлер коюлган. Мында ишкананын кызматкери жашоочуларга таштандыны бөлүп таштоо боюнча жеринде такай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көзөмөлдөп турат.

Долбоор "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталып, Кыргызстанда биринчилерден болуп ишке ашууда.

Ош шаарында буга чейин пилоттук долбоор катары мындай жай Г.Айтиев көчөсүндөгү №11-13-көп кабаттуу үйлөрдүн ортосуна коюлган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: