super.kg logo

Бишкектеги Айтматов проспектиси иретке келтирилүүдө

 

Бишкектин муниципалдык кызматтары Айтматов проспектисинин боюндагы менчик объектилердин тосмолорун алууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалымдалгандай, "ACT BUILDING" курулуш компаниясы менен бир жуманын ичинде курулуш объектисинин тосмосун демонтаждоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле эки жумада проспектинин жээгинде жайгашкан жеке турак жайлардын тосмолорун иретке келтирүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү эскертилди.

Ал эми "Тазалык" муниципалдык ишканасына Ч.Айтматов проспектиси менен Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги контейнерди көчүрүп, бошогон аянтчаны көрктөндүрүү тапшырмасы коюлду.

"Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесине жана Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине бир жума ичинде Ч.Айтматов жана Ы.Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер тилкесин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жагы айтылды.

Тапшырмалар сапатсыз жана өз убагында аткарылбаган учурда тиешелүү жетекчилерге катуу тартиптик чаралар көрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: