super.kg logo

Бишкекте Анкарадан учуп келген учакты суу аркасы менен тосуп алышты

 

«Манас» эл аралык аэропортунда Анкарадан учуп келген биринчи каттамды суу аркасы менен салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 3-июнда AnadoluJet авиакомпаниясынын ( Turkish Airlines авиакомпаниясынын туунду компаниясы) Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз каттамы келип конду. Эми жүргүнчүлөр Түркиянын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат.

Учуунун убактысы 4 саат 30 мүнөттү түзөт.

Анкарага каттамдар жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. 2023-жылдын август айынан тарта каттамдар күн сайын аткарыла баштайт.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК авиа билеттерди сатпай турганын жана бааларды жөнгө салбай тургандыгын эскертет. Ошондой эле, авиакомпания менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы каржылык маселелерге кийлигишпейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: