super.kg logo

Бишкекте суунун жетишсиздиги боюнча Айыл чарба министрлиги үн катты

 

Бишкектин аймагында сугат жана ичүүчү суунун жетишсиздигине Аламүдүн дарыясына суунун аз агып келүүсү себеп болууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, апрель-май айларында түнкүсүн абанын температурасы төмөн болгондугуна байланыштуу Аламүдүн дарыясындагы суунун агымы нормадан үч-төрт эсе аз болуп, сугат суу менен толук камсыз кылууга мүмкүн болгон эмес.

"Акыркы эки-үч күндө түнкүсүн температуранын жогорулашына байланыштуу Аламүдүн дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, бирок бул сугат сууну үзгүлтүксүз берүүгө дагы деле жетишсиз болгондуктан сууну кезектешип берүү тартиби сакталат" дешти мекемеден.

Министрликтен белгилешкендей, түнкү температура күн сайын жогорулоодо жана Аламүдүн дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлгөн шартта көйгөй чечилип, дыйкандар сууну толук көлөмдө жана үзгүлтүксүз ала алышат.

Белгилей кетсек, Аламүдүн дарыясы Арашан, Таш-Мойнок, Кара-Жыгач, Лебединовка, Көк-Жар айыл өкмөттөрүн, Бишкек шаарын сугат жана ичүүчү суу менен камсыз кылып турат. Ал жалпы 7690 гектар жер аянтын сугат суу менен камсыздайт.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек мэриясы жарандарды ичүүчү суунун жетишсиздигине байланыштуу сууну үнөмдөөгө чакырган. Мындан тышкары, шаар аймагындагы 15ке жакын мончолор жана унаа жуучу жайлар убактылуу жабыларын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: