super.kg logo

Үч айда 1200 мас айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылды

 

Өлкө боюнча үч ай ичинде 1 миң 200гө жакын мас айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 8-мартынан тартып мас абалында унаа башкаргандардын жоопкерчилиги күчөтүлүп, мас айдоочуларга 17 500 сом айып салуунун ордуна, бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу беренеси киргизилген.

Жаңы эрежелер күчүнө киргенден тартып, 1770 мас айдоочу аныкталып, анын ичинен 1200гө жакыны соттун чечими менен унаа башкаруу укугунан ажыраган. Калгандары соттун кароосунда. Андан сырткары, 100 айдоочу үч суткага соттун чечими менен камалган.

"Айрым беренелерге айып пулдардын жогорулатылгандыгынын себебинен жол эрежелеринин бузуунун бардык түрлөрү төмөндөп, айрыкча, мас абалында унаа башкаргандардын саны 46 пайызга азайган" , - деп айтылат Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: