super.kg logo

Чүйдө көчөдөн аёосуз сабалган өспүрүмгө жардам бербей койгон дарыгер кызматтан алынды

 
Чүйдүн Васильевка айылында көчөдөн аёосуз сабалган 16 жашар өспүрүмгө жардам бербей койгон айылдык оорукананын башкы дарыгери кызматтан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда SUPER.KG порталына Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган окуя боюнча Чүй облусунун Саламаттык сактоо координаторунун астында кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.

"Жыйынтыгында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси кетирген кемчиликтери үчүн ээлеген кызматынан бошотулду. Ал эми видеодогу бала тез жардам аркылуу Бишкек шаарынын балдар клиникалык тез жардам ооруканасына жеткирилип, тийиштүү жардам көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө балага керектүү диагностика жасалып, дарылануудан өтүүдө. Абалы дарыгерлер тарабынан туруктуу деп бааланууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган окуянын видеосу 9-июнда социалдык тармактарда тараган. Анда таяк жеп жерде жаткан өспүрүмдү алыстан карап, унаага отуруп кетип калган дарыгер коомчулуктун нааразычылыгын жараткан.
Ал эми Чүй облустук милициясы кечээ өспүрүмдүн аёосуз сабалганы боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: