"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо айдоочу окуучуну өлтүрө сүзүп кетти (видео)
"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо Honda CR-V унаасынын айдоочусу 11 жаштагы баланы сүзүп алып, ал каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 11-июнь күнү саат 18:30 чамасында болгон. Анда Honda CR-V унаасынын айдоочусу түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, жолдон өтүп бара жаткан 2012-жылы туулган Ж.Ж.К. аттуу баланы сүзүп алган. Натыйжада бала алган жаракатынан улам кырсык болгон жерден каза болгон.
Унаанын айдоочусу тергөө кызматына өткөрүлүп, унаасы айып короо жайына токтотулду.
Аэропортко бара жаткан жолдо айдоочу окуучуну өлтүрө сүзүп кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.