super.kg logo

Борбордо Саламат Садыкованын жеке концерти башталды

 

Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда бүгүн, 11-декабрда  Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкованын концерти башталды. Көрүүчүлөр залдын дээрлик 100 пайызын ээлеп, классикалык музыканын сүйүүчүлөрү экени байкалды. Концертти төкмө акындар ачып берди. Аалы Туткучев концерттин өкмөт башчы менен ЖКнын төрагасы келет дегенинен улам 20 мүнөт кечигип башталганын кыстарып өттү. 

Ыр саптарында Саламат Садыкованы булбулга салыштырып, мындай салтанаттар көп болсо митингдер аз болорун кошумчалады. Ал эми Кыргыз Эл артисти, Казак Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана "World master" эл аралык сыйлыгынын ээси Cаламат Садыкова концертин элди ынтымакка чакырган ыры менен баштады.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: