super.kg logo

Төө-Ашуудагы тоннелди суу каптады. Транспорт министри жерине барды

 

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Төө-Ашуудагы тоннелди оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Бул тууралуу министр социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Айтымында, 12-июнда аталган тоннелди каптаган суу тазаланып, калыбына келтирилген.

"Элдин кайрылуусу менен Төө-Ашууга келип, тоннелди оңдоп-түзөөнү тездетүүнү тапшырдым. Тезинен бүткөрүү үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. Учурда жарыктандыруу иштери жүрүүдө, андан соң эле жаңы асфальт төшөлөт. Тоннелдин канализациясына таштанды толуп, суу акпай айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып калган экен. Маселе тезинен чечилип, учурда калыбына келди" деп жазган ал.

Буга чейин социалдык тармакта тоннелдин ичин суу каптап, айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып жатканы боюнча видео тараган.






Төө-Ашуудагы тоннелди суу каптады

видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: