super.kg logo
  Спорт  

Дмитрий Бивол беттешке Кыргызстандын желеги менен чыгат

 

Жеңил салмактагы WBA'нын чемпиону Дмитрий Бивол (21-0) Кыргызстандын атынан Артур Бетербиев менен беттешүүгө даяр. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта Дмитрий Бивол IBF, WBC жана WBO версиялары боюнча жеңил салмактагы чемпион Артур Бетербиев менен (19-0) беттешүүгө даяр экенин Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) жетекчиси Маурисио Сулейман билдирди. Бивол Орусиянын атынан чыгып жатканда WBC титулу үчүн күрөшпөй тургандыгы тууралуу айтылды.

"Бул көйгөй эмес. Эгерде Боб Арум бул күрөштү пропагандалабаса, анда Бетербиев ким менен күрөшөт? Мен мунун эч кандай көйгөйүн көрбөй турам. Менимче, бул жөн эле саясат, анын күрөшкө эч кандай тиешеси жок. Дмитрийдин тамыры кыргыз. Ал Кыргызстанда туулган, кыргыз паспорту бар”, - деди Биволдун менеджери Вадим Корнилов.

Буга чейин Top Rank компаниясынын жетекчиси Боб Арум Биволдун орус жарандыгына байланыштуу анын Бетербиевге каршы күрөшү болбой тургандыгын билдирген.

Белгилей кетсек, Бетербиев WBC, Дүйнөлүк бокс уюмунун (WBO) жана Эл аралык бокс федерациясынын (IBF) жеңил салмактагы чемпиону. 38 жаштагы россиялык профессионалдык рингде 19 беттеш өткөрүп, анын баарын нокаут менен жеңген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: