super.kg logo

Бекжан Супаналиев билим берүү министринин орун басары болуп дайындалды. Анын өмүр баяны

 

Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп Бекжан Супаналиев дайындалды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, Супаналиев билим жана илим тармагындагы санариптештирүү иштерин көзөмөлдөйт. Ал буга чейин жашыл каржылоону өнүктүрүү боюнча түзүлгөн "Green Finance Centre Bishkek" компаниясынын жетекчилик кызматын аркалаган.

Супаналиев 1977-жылы 11-июлда Токмок шаарында туулган. 2000-жылы Беларусь мамлекеттик университетинин башкаруу жана социология факультетинин саясат таануу бөлүмүн аяктаган. 2014-жылы Мэйдзи университетинде мамлекеттик башкаруу боюнча магистратураны бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2000-жылы – Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Республикалык «Жаштык» жаштар борборунун директорунун орун басары.

2001-2004-жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Басма сөз кызматы, референт.

2004 - 2010-жылдары - Кыргызстандын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинде айылдык инвестициялык долбоордун Түндүк аймактык кеңсесинин социалдык мобилизациялоону өнүктүрүү боюнча жана жайыттарды туруктуу башкаруу боюнча пилоттук долбоордун координатору;

Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасынын долбоору боюнча оперативдүү колдонмону иштеп чыгуу боюнча консультант, киничерээк аталган долбоордун координатору;

«Айылды суу менен камсыздоо жана канализация - 2» долбоору боюнча оперативдүү колдонмону иштеп чыгуу боюнча консультант;

2011-2012-жылдары - Өкмөттүк Аппараттын региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

2012-2014-жылдары- Өкмөттүк Аппараттын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун эксперти;

2014-2015-жылдары - Өкмөттүк Аппараттын Региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти;

2015-2016-жылдары Өкмөттүк Аппараттын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору.

2016-2017-жылдары – Өкмөттүк Аппараттын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы.

2017-2022-жылдары - Президенттик Аппараттын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият бөлүмүнүн башчысы.

2022-жылы-Бишкек шаарындагы Green Finance Center компаниясынын директору болуп дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: