super.kg logo

"Польшада көчөдө калдым...". Агенттиктер аркылуу чет өлкөгө кеткендер эмнелерге көңүл бурушу керек? 

 

Азыркы учурда ар кандай жумушка орноштуруучу агенттиктер аркылуу чет өлкөгө жумуш издеп кетип жаткан мигранттардын саны көбөйүүдө. Алардын арасында агенттиктерге ири суммада акча берип, бирок келишимде көрсөтүлгөн талаптар аткарылбай жатканын айтып нараазы болгондор да бар. Биз жумушка орноштуруучу жеке менчик агенттиктер жана чет өлкөдө кыйынчылыктарга дуушар болгон мекендештер менен маек куруп, агенттиктердин күнгөйү менен тескейи, мигранттардын укугу жана эске алчу жагдайлар тууралуу айтып бермекчибиз.

Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Кенжебек Сатыбай уулу учурда Польшада такси кызматында иштейт. Ал аталган өлкөгө тааныштарынын айтуусу менен барган:

“Мен Польшага эч кандай агенттиктерге кайрылбай эле тааныштарым аркылуу келгем. Алгач ал жактан чакыруу кат жөнөтүшкөн, кийин документтерди тактап, учуп келдим. Бардык чыгымдарды кошкондо мен 60 миң сомдой гана акча сарптадым”, – дейт Сатыбай уулу.

Анын айтымында, Польшада жүргөн башка мекендештердин арасында 100 миңден ашык каражат коротуп, бирок жумуш таба албай кыйналгандар көп. Алардын көпчүлүгү интернеттеги жарнамалар аркылуу ар кайсы агенттиктерге кайрылышкан. Ошондой эле Сатыбай уулу жабырлануучулар көп учурда алданып калганын үй-бүлөсүнө, элге айтуудан уялышат.

Өзүн Элчибек деп тааныштырган Кыргыз жараны да учурда Польшада жүрөт. Ал мындан бир нече ай мурун борбор калаадагы агенттиктердин бири менен келишим түзгөн.

“Мага келишим түзүп жатканда, 3 ай ичинде виза аласың деген болчу. Бирок мага виза 7 айдан кийин гана ачылды. Ал эми эмгек акысы айына 1000 евродон башталат деп айтылган. Бирок ишке барсам, айлык 500 евро экен. Кийин мени жиберген агенттикке байланышканымда, “Биз виза үчүн гана жооп беребиз, андан кийинкисине жооп бербейбиз” деп байланышты үзүп коюшту. Азыр араң жашап жүрөм, көчөдө калдым", - дейт Элчибек.

Биз Элчибек алданып калганын айткан агенттикке маалыматты тактоо үчүн байланышканыбызда өзүн агенттиктин менеджери катары тааныштырган Чырмаш уулу Келдибек буларга токтолду:

“Виза алуу айрым учурларда кеч берилет. Себеби Кыргызстанда Польшанын элчилиги жок болгондуктан, биз визаны Алматы шаарындагы элчиликтен алабыз. Эки өлкөнүн жарандарына бирдей убакта виза берилгендиктен, алгач казак жарандарына, андан соң гана кыргыздарга виза берилет. Биз документтерди кабыл алып жатканда виза минимум 3 айда чыгат деп айтабыз, так убактысын айтпайбыз”.

Ал эми Чырмаш уулу мигранттардын айлык акысынын аз болуп жатканына жумушчулардын өздөрү күнөөлүү деп эсептейт. Себеби түзүлгөн келишимде айлык акы иштеген саатка жараша экени көрсөтүлгөн.

“Негизи биздин мекендештер 5-6 сааттан гана иштегендиктен, аз айлык алып жатышат. Эгер 12 сааттан иштесе, анда 1000 евродон жогору алышмак. Айрымдары барганда жумушту жактырбай, “билет алып бергиле, кетебиз” деп жатышат. Биз 3 ай толук иштегенден кийин гана билетти өзүбүз алып беребиз”, - дейт ал.

Агенттиктерге алданып калгандардын катарын 23 жаштагы Айдай дагы толуктайт. Ал былтыр келишим аркылуу Болгарияга барган. Бирок жумуш келишимде көрсөтүлгөндөй болбой, ал агенттик менен чырдашып отуруп өлкөгө араң келген.

“Мага 8 сааттан 5 күн иштейсиңер, айлык эң аз 60 миңден башталат, жакшы иштегендерге кошумча акчалар берилет деген болчу. Бирок жумуш биз күткөндөй болгон жок, айлык да толук берилбейт экен. Ал жакта көптөгөн кыргызстандыктар кете албай кыйналып жатышканын көрдүм. Эң жогорку айлык 31 миң сомду түзөт. Жумуш берүүчүлөр да жумуш графигин ар кандай кылып түзүп беришет экен”, - деп билдирди Айдай.

Ошондой эле Айдай ал жакка таанышы иштеген агенттик аркылуу барганын, кийин ызы-чуу салып отуруп, билетти араң алдырганын кошумчалады.

Юрист Жанат Гульжигитов эч ким чет өлкөдө мажбурлап иштөөгө милдеттүү эмес, эгер жумушчунун укугу бузулса, ал өз каалоосу менен иштен баш тартууга же ошол өлкөдөн чыгып кетүүгө укугу бар экенин эскертет. Бирок ал үчүн алгач жумушчунун эмгек келишимин бузуучу шарттары болуш керек:

“Кайсы мамлекет барбасын ал мажбурланып иштөөгө милдеттүү эмес. Ошондуктан чет өлкөгө кетип жатканда, эмгек келишимин караш керек. Агенттиктер менен түзүлгөн келишим, андагы шарттар дыкат окулушу шарт. Мисалы, жумушчуга жумуш шарты жакпай калган учурда, өз ыктыяры менен кетип калуу, кайра өлкөгө келүүгө укугу бар деген пункт жазылуусу зарыл. Ошондо гана мигранттар өз укугун сактай алышат”.

Гульжигитов мигранттарга туура эмес мамиле кылуу, мажбурлап иштөөсүн шарттоо сыяктуу учурларда мигранттар ошол өлкөнүн укук коргоо органдарына кайрылса болорун баса белгиледи. Ошондой эле кыргызстандыктар Элчиликке жана консулдук мекемелерге кайрылууга укугу бар экенин билдирди.

Чет өлкөгө ар кандай жеке менчик агенттиктерден сырткары, мамлекеттик миграция кызматы аркылуу да жумуш издеп кеткендер арбын. Мамлекеттик мекеме аркылуу жумуш издеп кеткендердин айтымында, чет өлкөдө жумуш же коопсуздук жагынан эч кандай кооптонууга негиз жок.

Нур Сапарбеков жакында гана Миграция кызматы аркылуу Англияга 6 айлык сезондук жумуш программасы менен кеткен. Күнүнө 6-8 сааттан иштеп жатканын айткан Сапарбеков саатына 10,42 фунт (1150 сом) табат, андан сырткары кошумча бонустар берилип турат.

“Жумуш негизинен жакшы, мыйзам бул жакта катуу сакталат экен. Баары биз ойлогондой болуп жатат. Акча жума сайын жумуш берүүчүлөр тарабынан берилген картага түшүп турат. Ар бир жуманын экинчи күнү болсо канча саат иштегенибиз, нормага жеткени же жетпегени боюнча маалыматтар почтабызга келип турат”, - дейт “Dearsdaile fruit» фермасында иштеп жаткан Сапарбеков.

Ал эми мигранттар агенттиктерге алданып калбоо үчүн эмнелерге көңүл бурушу керектиги боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылганыбызда, Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Алмаз Алыбаев төмөнкүлөргө токтолду:

“Жарандар бир агенттикти тандоо учурунда ошол агенттиктин лицензиясына караш керек. Миграция министрлигинин сайтында (migrant.kg) бардык жумушка орноштуруучу агенттиктердин тизмеси бар, ошол жактан тактап алуу кажет. Ошондой эле эмгек келишимине кол коюудан мурун аны жакшылап окуп чыгуу керек. Эгер лицензиясы бар агенттиктердин тейлөө кызматында мыйзам бузуу катталса, анда биздин 0559189900 номурга чалып же WhatsApp тиркемесинен жазса болот. Сөзсүз алар мыйзамга ылайык жооп беришет. Андан сырткары, чет өлкөгө кетип жаткандар биздин офиске келип же аба майдандагы борбордон бекер консультация ала алышат”.

Алмаз Алыбаев маалымдагандай, азыркы учурда кыргызстандыктарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча 18 программа бар. Анда Перс булуңундагы 7 мамлекеттен сырткары, Япония, Германия, Улуу Британия, Польша, Орусия, Казакстан, Түштүк Корея жана Германияга жөнөтүү каралган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: