Жума күнгө карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 16-июнда өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;
Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 31…36;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;
Ал эми Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 34…36 градус болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.