Бишкекте заманбап бий боюнча дүйнөлүк сынак өтөт

Маалым болгондой, иш-чара 17-18-июнь күндөрү өтүп, сынак Борбор Азиядагы эң чоң бий кечеси болуп эсептелинет. Анда катышуучулар хип-хоп, брейк-данс жана заманбап бийдин башка багыттары боюнча күч сынашат. Мыкты деп тандалып алынган бийчилер август айында Парижде өтө турган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алышат. Ошондой эле сынакта калыстар тобунун курамында дүйнөлүк хореографтар болмокчу. Ал эми бийчилерди тандоо туру 17-июнь күнү саат 16:00дө “Asia Mall” соода борборунда, 18-июнь күнү саат 17:00дө “Ала-Тоо” аянтында өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, аталган дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандан бийчилерди катыштыруу үчүн бийчи Жан Воинов уюштуруучулар менен келишим түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.