super.kg logo

Депутат министрге: "Көрдүңүзбү, Камчыбек Кыдыршаевич кандай иштеп жатат"

 

Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун ишин сынга алды.

Депутаттын айтымында, Алтынбек Максутов өз милдетин так аткарбай, театр имараттарынын абалына көңүл бурбай жатат.

"Көрдүңүзбү, Камчыбек Кыдыршаевич кандай иштеп жатат. Мына ал киши түбөлүк иштебейт да, көрдүңүзбү кандай имараттарды куруп эл үчүн иштеп жатат. Эгер сиз ошондой болуп элге кызмат кылсаңыз сизди коллективиңиз "Алтынбек мырза калыңыз" деп өздөрү айтат", - деди Токторбаев.

Ошондой эле Токторбаев коомдо "Алтынбек Максутов кызматка келгенден кийин толуп алды деген сөздөр болуп жатканын айтты.

"Дагы бир маселе, коомдун арасында сиз жөнүндө "Алтынбек мырза кызматка келгенден кийин абдан толуп алды, анан бир аз байып алды" деген сөз бар да. Эгер сиз иштесеңиз мындай сөз болбойт эле", - деп кошумчалады депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: