Ноокаттагы ооруканада 9-класста окуган кыз каза болду
Ноокат районунда 9-класстын окуучусу ооруканадан каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 30-майда милицияга 17 жаштагы Х.Р. оор абалда ооруканага түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Ал ооруканада беш күн жатып, жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
Өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.