super.kg logo

Ленин округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

 

Бүгүн, 16-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Анда БШКнын мүчөлөрү бир добуштан шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты.

28-майда Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кезексиз шайлоо өтүп, анда алдын ала маалыматтар боюнча Дамира Ниязалиева жеңишке жеткен. Ал 6 249 добуш (35,86 пайыз) алган.

5-июндагы Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда талапкерлер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариевдин добуштары жокко чыгарылган.

Мыйзам боюнча, эгерде шайлоого катышкандардын жалпы санынын үчтөн биринин добуштары жараксыз деп табылса, БШК "шайлоонун жыйынтыгы анык эмес" деген бүтүм чыгарат. Мындай учурда бир айдын ичинде кайра шайлоо өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: