Депортациянын ордуна айып пул. Орусияда кыргызстандык мигранттардын абалын жеңилдетишет



Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен видео байланыш аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Белгиленгендей, тараптар эки жарандарынын укуктарын жалпы таанылган принциптер жана эл аралык укуктардын нормаларына ылайык коргоо жаатындагы кызматташтыкты күчтөндүрүүнү талкуулашты.
Мындан сырткары мигранттардын укуктары боюнча биргелешкен иш-аракеттердин зарылдыгын баса белгилешти.
“Мен биздин институттардын ортосундагы өз ара аракеттенүү өнүктүрүүгө кызыкдармын жана кызматташтыкты ар түрдүү аспектилеринде, тактап айтканда, кызматташтык жана эки мамлекеттин укуктары жана эркиндиктери бузулган жарандарына ыкчам көмөк берүү боюнча мамилелерди күчтөндүрүү зарыл экенин белгилейм. Биз Орусиядагы мигранттардын жүрүү шарттарын жакшыртууга багытталган ар бир кадамды жана көңүл бөлүүнү баалайбыз”,-деди Жаманбаева.
Ошондой эле адам укуктары жаатында Орусиянын мыйзамдарын билүүгө ыктыярчыларды же болбосо волонтерлорду даярдоо боюнча көмөктөшүү тууралуу да сүйлөшүү жүрдү. Ыктыярчылар-укуктары бузулган кыргызстандык мигранттарга жардам бере турган Орусиянын жарандары болмокчу.


