super.kg logo

Президент Кербендеги "Караван" аэропортун модернизациялоо иштери менен таанышты

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан "Караван" аэропортун модернизациялоо долбоорунун аткарылышы менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, президентке “Караван” аэродромунун элементтеринин жасалма бетинде оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы, 1972-жылы пайдаланууга берилген учуу-конуу тилкеси кеңейтиле тургандыгы жөнүндө маалымат берилди.

Аэропортто ички аба каттамдарды тейлей турган аэровокзал бар. Бишкек-Кербен-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдар коммерциялык жүктүн жоктугуна байланыштуу токтотулган. Бул каттам боюнча акыркы рейс 2007-жылы жасалган.

Учурда "Караван" аэропортун модернизациялоо боюнча оңдоо иштери дээрлик аяктап, июль айынын аягына чейин аэровокзалдын ишке берилиши пландалууда. Алар аяктагандан кийин бардык келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт.

Мамлекет башчысы башталган программанын алкагында аймактардагы аэропортторду модернизациялоо, өлкөнүн аймактарында ички аба каттамдарын жакшыртуу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканына басым жасады.

Президент Садыр Жапаров бул чаралар биринчи кезекте жарандардын ыңгайлуулугуна, туризмди өнүктүрүүгө, аймактардын экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталганын эске салды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: