super.kg logo

Маданият министрлиги "Фридрих Эберт" фонду менен кызматташат 

 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев "Фридрих Эберт" атындагы фонддун аймактык директору Филип Ян менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Маданият министрлиги менен Фридрих Эберт фондунун ортосунда кызматташуу боюнча эки тараптуу меморандумга кол коюлуп, “Дилгир” модулдук окутуусун баштоо боюнча чечими кабыл алынды.

"Сиздер менен болгон биздин жолугушуубуз абдан маанилүү, Фридрих Эберт фонду жаштар саясатын өнүктүрүүдө өбөлгө боло тургандай жаңы идеяларды, долбоорлорду жана программаларды сунуштайт деп ишенем, биз сиздер менен кызматташууга даярбыз",- деп билдирди Тагаев.

Ал эми Филип Ян Кыргызстанда билимдүү жаштар көп экенин, министрлик менен жаштар саясаты жаатында биргелешкен долбоорлордун үстүндө буга чейин дагы, мындан ары да иштешүүгө кызыктар экенин баса белгиледи.

Эске салсак, "Дилгир" модулдук окутуунун жүрүшүндө жаштар жеке жана кесиптик өнүгүүсү үчүн зарыл болгон билимдерге жана көндүмдөргө ээ боло алышат.

Маалымат үчүн: “Дилгир” модулдук окутуусу жаш лидерлерди окутуу үчүн, билимдин жана көндүмдөрдүн бирдиктүү жыйындысы болуп саналат жана анын максаты жаш лидерлерди өстүрүүгө жана Кыргызстанда жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга багытталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: