super.kg logo

"Тукумсуздукка чейин алып келет". Богок оорусун алдын алуу чаралары тууралуу эндокринолог айтып берет

 

Биздин өлкө эндемиялык аймакка киргендиктен жер кыртышында йод жок. Ошол себептен калктын организминде йод жетишпегени байкалып, өлкөдө түйүндүк богок (зоб) ооруларынын көбөйүшүн шарттоодо. Муну дарыгерлер баса белгилеп айтып келишет. Бул ооруну убагында дарылоо зарылдыгын эскертүү менен бирге богоктун алдын алуунун жолдоруна жана анын пайда болуу себептерине токтолобуз. SUPER.KG порталынын суроолоруна эндокринолог Дилбар Саттарова жооп берет.

- Калкан бези деген эмне? Анын организмге маанилүүлүгү тууралуу айтып өтсөңүз?

- Калкан бези (щитовидная железа) -организмдеги эң керектүү эндокриндик бездердин бири болуп эсептелет. Ал адамдын моюнунда жайгашып, көпөлөк түрүндө болот. Калкан бези бизге керектүү гормондорду бөлүп чыгарып турат. Аны организмдеги кичинекей завод деп айтсак да болот. Бул кичинекей орган болгону менен абдан чоң жумушту аткарат. Анын жалпы салмагы 15-20 миллиграммды түзөт. Калкан бези йоддун жардамы аркылуу адамдарды керектүү гормондор менен камсыздайт. Алар организмдеги зат алмашууну, түйүлдүктүн мээсинин калыптануусун жөнгө салып, адамдын мээсинин, нерв системаларынын жана организмдин иштешин жөнгө салып турат. Бул үчүн йод жетиштүү болушу керек. Ал эми биздин өлкө тоолуу аймак болгондуктан климатыбызда йод жетишсиз. Ошол себептен да мындай илдеттер көп кездешет.

- Биздин өлкөдө калкан безине байланыштуу кандай өнөкөттөр көп кездешет?

- Эң көп тараган оорулардын бири - бул богок. Аталган өнөкөт бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнөдө кеңири тараган оорулардын катарына кирет. Мында калкан безине йоддун жетишсиздигинен улам иш ыргагы бузулат да, богок оорусу пайда болот. Сейрек учурда бул дарт тукум кууйт. Түйүндүк богок ооруларынын залалдуу шишикке айлангандары жана жөн гана ыйлаакча болуп кеткен түрлөрү да бар. Адамда эндемиялык богок илдети да кездешет. Ошол эле учурда эгерде энеде бул оору бар болсо, анда түйүлдүктөгү балага да таасир этиши мүмкүн. Ымыркайдын богок оорусу менен төрөлүшүнө алып келип, анын өсүп жетилүүсүнө да кедергисин тийгизиши ыктымал. Мисалы, бою өспөй, жыныстык жактан өнүгүүсү да начарлашы мүмкүн.

Богок оорусунун түрлөрү жана белгилери

Эндемиялык богок. Богок оорусунда адамдын калкан бези жабыркайт. Аны аныкташ үчүн калкан безинин көлөмүн текшерүү зарыл. Ал УДИ (ультрадобуштук изилдөө) жолу менен аныкталат. Норма боюнча аял кишиники 18 сантиметрге чейин болсо, эркектердики 25 сантиметрге чейин болушу керек. Бул көрсөткүчтөрдөн жогору болсо, ал эндемиялык богок деп аталат.

Шишиктүү богок. Сыркоологон адам бул учурда муунуп калгандай абалда болот, эс тутуму начарлайт, шалдырап алы кетет. Аялдардын айыз цикли бузулат. Мында калкан безинин абалы лабораториялык жол менен аныкталат. Эгер текшерүүдө калкан бези чоңойбой эле, бирок шишик бар болсо, ал шишиктүү богок деп аталат. Богоктун бул түрүндө калкан безинин ишин өзгөрткөн жана өзгөртпөгөн учур кездешет. Шишиктин көлөмү 1-3 сантиметрге чейин болсо, операциясыз дарылоого болот, ал эми 3 сантиметрден жогору болсо, ыкчам хирургиялык жол менен дарылоо аракеттери көрүлөт.

Тиреотоксикоз. Мында калкан бези өз нормасынан көбүрөөк гормондорду бөлүп чыгара баштайт. Оорунун негизги белгилери – адам арыктайт, терчил болот, жүрөгү тез-тез кагып, денесин майда калтырак басат, көзү чакчайып чанагынан чыгайын деп калат, уйкусу качат. Бул учурда эндокринологдун көзөмөлүндө болуп дарыланыш керек. Бул түрү өтүшүп кетүүсү менен коркунучтуу, жүрөк ооруларына алып келет.

Гипотиреоз. Калкан бези өз нормасынан аз көлөмдө гормон иштетип чыгарып калат же иштебей калат. Оорунун белгиси – адамды шишик басат, кыймыл-аракети жайлап, адаттан тыш уйкусурап, жай сүйлөп калат. Кээ учурларда оору байкалбастан өнүгө берет.

- Оорунун пайда болуу себептери тууралуу айтып берсеңиз?

  • Йоддун жетишсиздиги
  • Организмде Д витаминин жетишсиздиги
  • Темир жана селен заттарынын жетишсиздиги
  • Уйкунун бузулуусу
  • Туура эмес тамактануу
  • Стресс болуу.

- Богок оорусун алдын алууга болобу?

- Тузду дайыма колдонобуз. Бирок бардыгы йоддолгон туз деп кепилдик берүү кыйын. Андыктан йоддолгон туздарды пайдаланууга аракеттениш керек. Туздун курамындагы йод учуп кетпеши үчүн тузду жабык идиштерде сактап, тамак бышарга 10-15 мүнөт калганда гана кошуу керек. Айрымдар богоктун алдын алуу максатында йод кошулмасы бар дарыларды ичишет. Бул таптакыр туура эмес. Мүмкүн, ал адамга йод караманча кереги жок. Дарыны анализдердин жыйынтыгын изилдегенден кийин зарыл болгон учурда гана дарыгер сунуш кыла алат. Муну эстен чыгарбоо керек. Эркектерге караганда аялдар бул ооруга көп чалдыгат. Организмге йод 90 пайыз тамак-аш аркылуу келет. Йод айрыкча, апельсин, лимон, банан, коон, жүзүм, ананас, кулпунай, алма жана курманын курамында көп болот. Адам баласы күнүнө жок дегенде организмин 150 грамм йод менен камсыз кылып туруусу керек. Аларды сиз балыктан, деңиз азыктарынан, сүт, жумуртка, сарымсак, чалкан, кызылча жана сабизден ала аласыз.

- Ооруну дарылоо кандай жүрөт?

- Тиреотоксикоз түрүндө, калкан бези тиреоиддук гормондорду ашыкча иштеп чыгат. Бул учурда гормондордун өндүрүлүшүн азайтуучу препараттар дайындалат.

Гипотиреоздо, калкан бези тиреоиддук гормондорду жетишсиз көлөмдө өндүргөндүктөн организмдеги гормондордун жетишсиздигин компенсациялоо үчүн атайын дары-дармектер дайындалат.

Ошондой эле хирургиялык жол менен дагы дарыланат.

- Оору күчөп кеткенде кандай зыян алып келиши мүмкүн?

- Жүрөк-кан тамыр ооруларына, аялзатынын репродуктивдүүлүгүнө, эс тутумдун начарлашына жана бардык органдарга терс таасирин тийгизет. Ал эми аялдарда кездешкен учурда убагында дарылоо иштерин жүргүзбөсө тукумсуздукка чейин алып келиши мүмкүн.

- Йоддолгон тузду жөнөкөй туздан кантип айырмалоого болот? Кантип туура тандоо керек? Кеп-кеңешиңизди айта кетсеңиз?
- Курамында йод бар туз кургак, аппак, майда болот. Эгер туз ири, нымдалган болсо тузда йоддун жетишпегендигинин белгиси. Ошол эле учурда мүшөктөгү таразага тартылган туз йоддолгон эмес. Кичинекей пакеттеги йод кошулган туздарды алыш керек. Дайыма оозу жабык идиште кармап, сатып алып жатканда жарактуулук мөөнөтүн карай жүрүңүз. Кургак жерде, көлөкөдө сактап, тузду тамак бышарга аз калганда гана сээп коюу зарыл. Аны да нормадан ашык колдонгонго болбойт. Биздин жер кыртышында, сууларда йод аз болгондуктан малдын этинде деле жетишсиз. Бизде өскөн азыктарда йод аз. Негизинен деңиз азыктарын жегенге аракет кылуу керек. Эгер муну алууга каражат жетишпесе, йоддолгон тузду эле керектүү санда колдонуп койгон туура.
- Пайдалуу маек үчүн рахмат! Ишиңизге ийгилик!

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: