super.kg logo

Акылбек Жапаров суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы - суу чарба кызматкеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын куттуктоосунда төмөндөгүдөй айтылат:

"Урматтуу суу чарба кызматкерлери!

Сиздерди министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан суу чарба кызматкерлеринин кесиптик күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Өлкөбүз агрардык өлкө болгондуктан элдин басымдуу бөлүгү айыл жергесинде жашайт. Элдин жашоо-тиричилиги түздөн-түз сугат жерлерине байланышып, кирешесин жерден жана малдан көрүп, суу өмүр булагы болуп эсептелинет.

Суу – мамлекетибиздин баа жеткис байлыгы. Биздеги мөңгүлөрдөгү суунун запасы 650 чакырым кубду түзүп, ондогон көлдөрүбүз, 3 миңге жакын дарыяларыбыз бар. Бирок учурда анын 20 пайызын гана иштетебиз. Аны менен бирге, Борбор Азиядагы жалпы суунун көлөмүнүн дээрлик 40 пайызынан ашыгы мамлекетибизде жайгашкандыктан жалпы региондун келечеги биздин суу пайдалануу саясатын туура жүргүзгөндүгүбүзгө көз каранды.

Ошондуктан суу тартыш болгон мезгилде суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну талап кылалы, үйрөнөлү жана үлгү бололу.

Азыркы оор учурда бизге дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо, жаңы жерлерди өздөштүрүү, мелиоративдик абалды жакшыртуу жана башка олуттуу милдеттер жүктөлгөн. Республикабыздын азык-түлүк коопсуздугу сиздердин кесиптик ишиңиздер менен тыгыз байланышкан.

Талыкпаган эмгегиңиздер менен өлкөбүздүн экономикасынын өсүшүнө, мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга андан ары да өз салымыңыздарды кошосуздар деп терең ишенем. Албетте, бул чоң жоопкерчилик суу тармагында иштеген 4848 кызматкерге жүктөлгөн.

Акыркы эки жылда суу тармагына мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, 2 миллиард сомго чейин каражат бөлүндү, анын ичинде техникага 1,2 миллиард сомго чейин. Алдыга коюлган реформаларга жана максаттарга биргелешип жетебиз деп ишенем.

Урматтуу суу чарба тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм, сиздерге үй-бүлөлүк бакубат, чың ден соолук, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: