super.kg logo

Бишкектеги Чүй проспектисинин борбордук бөлүгү жабылды

 

Бишкектеги Чүй проспектисинин Дзержинский көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү бүгүн саат 16:00дөн тарта жабылды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Кабарлангандай, "Ала-Тоо" аянтында Fusion Concept заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионаттын КМШ өлкөлөрү арасында тандоо турун өткөрүүгө байланыштуу чектөө саат 23:00гө чейин күчүндө болот.

Чемпионат эң престиждүү бий сынактарынын бири жана дүйнөнүн бардык бурчунан бийчилерди өзүнө тартат. Эң күчтүү эки бийчи финалдык дүйнөлүк чемпионатка катышууга мүмкүнчүлүк алып, августтун аягында Парижде Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө таанытышат, ага Кыргызстан да кирген эң күчтүү сегиз өлкө катышат.

Иш-чара борбор калаанын мэриясы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Улуттук маданий борбордун колдоосу менен уюштурулуп, иш-чаранын өнөктөштөрү Француз Альянс тил борбору жана Гёте институту.

Бишкек мэриясы шаардыктардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландаштырып коюуну суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: