super.kg logo

Маданият министрлиги чыгармачыл балдарды Ысык-Көлдө эс алдырат

 
Балдар лагерде беш күн эс алышат. Анын алкагында чыгармачылыкка байланышкан түрдүү кароо-сынактар, кызыктуу оюндар уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Маалымдалгандай, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 19-24-июнь күндөрү Ысык-Көл жээгинде алгачкы жолу өспүрүмдөр жана студенттер үчүн чыгармачылык лагерь уюштурууда. Лагерге катышуучулар 2022-2023-окуу жылында сынактарда байгелүү орундарга ээ болгон окуучулардын, маданият чөйрөсүндөгү эл аралык конкурстарда алдыңкы көрсөткүчкө жетишкен жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттеринин арасынан тандалып алынган.
Эс алууга жалпысынан 135 бала топтолду. Алар: Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин, Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм-сүрөт окуу жайынын, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайынын, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын студенттери. Мындан тышкары, Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатында жашап окуган окуучулар жана аймактардагы балдар музыкалык, искусство мектептеринин окуучулары.
Лагердин программасына ылайык, "Мен – кыргыз жараны" концепциясынын алкагында интеллектуалдык оюндар уюштурулат. Ошондой эле "Китеп дүйнөсүнө саякат: Айтматов жана мен" темасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуу таймаштары өткөрүлөт. "Театралдык устакана" аталышындагы сахналаштырылган спектакль, "Таланттар күнү" темасында музыкалык аспаптардын мастер-классы болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: