super.kg logo

"Мышык-чычкан ойноп...". Ленин районунун акими "Ош базарын" шаар четине жылдырууну сунуштады

 

"Ош базарын" шаардын четине жылдыруу керек. Бул тууралуу Ленин районунун акими Мураталы Тагаев Биринчи радионун эфиринде билдирди.

Анын айтымында, эл мыйзамсыз жана жарандарга да ыңгайсыз экенин билип туруп, тротуарга чыгып соода кылышат.

"Алар "Ош базарынын" ичинде эркин соода жайлары бар экенин билишет, бирок ал жерде отургусу келбей, көчөгө чыгып соода кылышат. Милиция менен биргеликте күн сайын текшерип турабыз. Барсак көчө тазалашат, кеткенден бир-эки сааттан кийин кайра чыгышат. Мындайча айтканда, "мышык-чычкан" ойноп жатабыз. Бул качанга чейин уланат?

Мен аким катары эмес, жаран катары айтам: Ош базарын шаардын сыртына жылдырып, буга шарт түзүп берүү керек", - деди Тагаев.

Ошондой эле Тагаев түшүнбөстүк болбош үчүн тараптар биргеликте иш алып баруусу керектигин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: