"Көпчүлүк аймакта өткүн өтөт". 20-июнга карата аба ырайы
Эртең, 20-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +26…+31,
Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27.
Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +29…+31 градус болот.
Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.


