super.kg logo

Кайрат Примбердиев анын чачын сындаган депутат Кундузбек Сулаймановго жооп берди

 

Эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев анын чач жасалгасына нааразы болгон депутат Кундузбек Сулаймановдун билдирүүсүнө комментарий
берди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын 16-июндагы жыйынында депутат ырчынын 21-март күнү "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына карата концертте сахнага чачын түйүп алып чыкканын сынга алган.

Кайрат Примбердиев "Арча медиага" берген маегинде Нооруз мусулмандардын майрамы эмес экенин белгиледи. Ошондой эле ал байыркы заманда кыргыз жигиттери, анын ичинде жоокерлер чачын өрүп, жүрүшкөнүн кошумчалады.

"Сөз мен жөнүндө эле болуп атса керек. Анан эми жалпысынан алганда күлкүм келип жатат. Себеби Нооруз майрамынан бери үч ай өтүп кетти, андан бери чачымды кыскартмак турсун тармалдаштырып алгам. Ошол кезде айтса балким жарашмак беле.

Экинчиден Нооруз майрамы мусулмандардын майрамы эмес, ал жагынан Кундуз байке (ред Кундузбек Сулайманов) өтө жаңылышат. Себеби мусулмандарда Орозо айт жана Курман айт деген эки эле майрам бар. Нооруз майрамы бул болсо Иран мамлекеттеринен келген, теңирчиликке байланыштуу майрам", - деди Примбердиев.

Ал ошондой эле депутат тарыхты дагы изилдеши керектигин кошумчалады.

"Кытайлардын тарыхый булактарында кыргыздар жөнүндө көп кездешет экен. Ошол кезде алар чачтарын жана сакалдарын өстүрүп өрүп, денелерине татуировкаларды тартып алышчу экен. Ошондой көрүнүшү менен кытай элинин жүрөгүн түшүрүп турушчу экен. Эми ал жагынан дагы байкебиз бирдемени айтардын алдында көп тарыхты изилдеши керек окшойт", - деди ырчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: