super.kg logo

Өлкөдө биринчи жолу өпкө лобэктомия операциясы жасалды

 

Өлкөдө биринчи жолу өпкөнүн лобэктомиясы боюнча (өпкөнүн иштешин сактоо менен бир бөлүгүн алып салуу) минималдуу инвазивдүү хирургиялык операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кабарлангандай, мастер-класс режиминдеги бул операция Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунда Синьцзян медициналык университетинин Көкүрөк хирургиясы борборунун дарыгерлеринин делегациясынын илимий иш сапарынын алкагында жүргүзүлдү.

Алдын ала кыргызстандык жана кытайлык дарыгерлер өпкө кургак учугун хирургиялык дарылоодогу заманбап ыкмалардын өзгөчөлүктөрүн илимий-практикалык конференцияда талкуулашкан.

Кытайлык дарыгерлер көкүрөккө минималдуу инвазивдүү хирургиялык операцияларды жасоо боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Маалым болгондой, минималдуу инвазивдүү хирургия эндоскопиялык ыкмаларды колдонуу менен же булчуңдардын кичинекей кесилиши аркылуу хирургиялык кийлигишүүлөрдөн кийин травмаларды олуттуу түрдө азайтат.

Кытайлык дарыгерлердин илимий иш сапарынын жыйынтыгында Синьцзян медициналык университетинин Көкүрөк хирургиясы борбору менен Улуттук фтизиатрия борборунун ортосунда илимий-практикалык кызматташууну улантуу боюнча үч жылдык келишимге кол коюлду. Анын алкагында медициналык кызматкерлерди даярдоо, тажрыйба алмашуу жана башкалар каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: