Ысык-Көлдөгү пляждардын тосмолору алынууда

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын пляждарынын коргон-тосмолору алынууда. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, бул иштер президенттин жарлыгын ишке ашыруу, облус тургундарынын көл жээгинде эс алуу укугун камсыз кылуу максатында аткарылып жатат.
Эскерте кетсек, мамлекет башчы Садыр Жапаров 2022-жылдын 13-майында «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ал эми быйыл да ал жарлыкка бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңылап жарыялаган.
Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж аймактарына жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон пляж аймактарында жайгашкан тосмолорду (дубалдарды, торчолорду, темир торлорду) демонтаждоо каралган, ошондой эле аларды мындан ары курууга тыюу салынат.




1 |