super.kg logo

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар качан тапшырыла турганы белгилүү болду

 

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар качан тапшырыла турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө буйругу чыккан. Анда:

- 21-июнда саат 9:00дө – 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүктөр;

- 23-июнда саат 9:00дө – 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билим берүү жөнүндө аттестаттар тапшырылат.

Салтанаттуу иш-чаралар билим берүү органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана ата-энелердин катышуусунда өткөрүлмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: