super.kg logo

Элчи Ду Девень ИИМ башчысы Ниязбековду Кытайга чакырды

 

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айым ИИМ башчысчы Улан Ниязбековго глобалдык коомдук коопсуздук маселелери боюнча эл аралык форумга катышууга чакыруу кагазын тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сз кызматынан билдиришти.

Билдирг ылайык, бүгүн, 19-июнь күнү Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков менен Кытайдын Кыпгызстандагы элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусу болуп өттү.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Ду Дэвэнь айымга иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай элчилигине министрликтин жөндөмдүүлүгүн көтөрүүгө, жарандардын коопсуздугун камсыздоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган аракеттерине кошкон салымы үчүн ыраазычылык айтып, бул өз кезегинде калктын милицияга карата коопсуздукту камсыздоо жана ишеним сезимин калыптандырууга өбөлгө түзөөрүн билдирди.

"Жолугушуунун жүрүшүндө Ду Дэвэнь Кытайдын Коомдук коопсуздук министринин атынан Улан Ниязбековго 2023-жылдын 19-сентябрынан 21-сентябрына чейин Кытайдын Цзянсу провинциясынын Ляньюньган шаарында өтө турган глобалдык коомдук коопсуздук маселелери боюнча эл аралык форумга катышууга чакыруу кагазын тапшырды", - деп билдиришти ИИМден.

Өз кезегинде Улан Ниязбеков элчи айымга чакыруу кагазын тапшыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Жолугушуу жылуу, достук маанайда, өз ара түшүнүшүү рухунда жана конструктивдүү маанайда өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: