super.kg logo

Өлкөдө 30га жакын кесиптик лицей жумушсуз жарандарды окутууда

 

Өлкөдө 30га жакын кесиптик лицейлер жумушсуз жарандарды кыска мөөнөттүү курстарда эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесиптерге окутууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

"Курстун катышуучулары өндүрүштүк шартта тажрыйба алуусу үчүн тийиштүү ишканаларда практикадан өтүшөт. Алар курстарды ийгиликтүү аяктаган соң бул ишканаларга жумушка орношууда артыкчылыкка ээ болушат", - деп айтылат билдирүүдө.

12-июнда Кызыл-Кыя шаарындагы №7 кесиптик лицейде “Тигүүчү” курсун аяктагандар сынак тапшырып, сынак комиссиясынын курамына Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана иш берүүчүлөр кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: