super.kg logo

Министрлер кабинетинде Бишкектин экологиялык абалы талкууланды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров алдыдагы жылытуу мезгилинде экологиялык абалды жакшыртуу жана борбор калаада түтүндү болтурбоонун алдын алуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Белгиленгендей, анда экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев республиканын ири шаарларында экологияны жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, ошондой эле Бишкек шаардык ЖЭБин отун менен камсыздоо түзүмүн өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрүн айтты, тагыраагы көмүрдүн ордуна жаратылыш газын пайдалануу.

Маалыматка ылайык, борбордук ЖЭБдин жаратылыш газына өтүшү менен көмүрдү пайдалануу 600 миң тоннага жакын кыскарат.

Андан ары борбор калаанын мэри Эмил Абдыкадыров учурда 22 отказан газ менен жылытууга өткөрүлүп жатканын, мындан тышкары коомчулуктун пайдасы үчүн 800 автобустун келиши күтүлгөнүн, бул Бишкектин көчөлөрүндөгү унаалардын санын бир топ кыстартып жана ага жараша машиналардан бөлүнүп чыккан газды азайтарын маалымдады.

Калаа башчы тигүү цехтеринин жана дөңгөлөктөрдүн калдыктарын муниципалитет тарабынан сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын жана жылдын аягында таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу ишке кирээрин, мындан тышкары таштанды төгүүчү жайдагы өрт толугу менен өчүрүлөөрүн кошумчалады.

Өз кезегинде МинКаб Төрагасы Бишкек шаардык ЖЭБин жаратылыш газына өткөрүүдөгү эсептөөлөрдү, анын ичинде камсыз кылууну эске алуу боюнча кошумча тапшырмаларды берди. Ага ылайык, калкка жаратылыш газын кошууга жана газ казандарын сатып алууга пайызсыз насыяларды берүү, электр энергиясына тарифтердин мисалында жаратылыш газы үчүн төлөөнүн дифференцияланган системасын иштеп чыгуу.

Жакынкы арада бул маселе боюнча комплекстүү чаралар көрүлөт. Эгерде биз пландагандын баары ишке ашырылса, түтүн маселеси чечилет”, - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: