super.kg logo

Ленин округу боюнча шайлоого канча каражат сарпталды?

 

Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кезексиз шайлоо өткөрүүгө бюджеттен 15,4 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө чыгымдардын сметасына ылайык 18 миллион 636,5 миң бөлүнүп, анын ичинен 15 миллион 413,9 миң сому чыгымдалды. Пайдаланылбай калган каражат 3 миллион 222,6 миң сомду түздү.

Шайлоочулардын акыркы тизмесине киргизилген бир шайлоочуга кеткен чыгым 123 сом 40 тыйынды (15 413 863 сом/124 908 шайлоочу) түздү.

Эске салсак, 28-майда Ленин округу боюнча кезексиз шайлоо өтүп, анда алдын ала маалыматтар боюнча Дамира Ниязалиева жеңишке жеткен. Ал 6 249 добуш (35,86 пайыз) алган.

16-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Эскерте кетсек, шайлоо 28-майда өттү. Алдын ала маалымат боюнча, Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо Дамира Ниязалиева жеңип чыккан.

Бирок, 29-майда БШК Дамира Ниязалиева тарабынан шайлоочулардын добушун сатып алуу мүмкүндүгү тууралуу билдирүү түшкөнүн маалымдаган. Кийин аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Мындан тышкары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети добуш сатып алуу фактысы боюнча талапкер Улан Сариевге кылмыш ишин козгогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: