super.kg logo

Айгерим Расул кызында 6 миллион... Шоу бизнес өкүлдөрүнөн дагы ким "миллионер"?

 
Кыргыз шоу-бизнесиндеги атактуу ырчылардын кимиси күйөрмандары менен тыгыз байланышта, тагыраагы, кайсы ырчы социалдык тармактагы жеке баракчасын активдүү колдонот? SUPER.KG порталы атактуулардын инстаграм баракчасына саресеп салып, кимдин катталуучусу көп экенин тизмектеп чыкты.

Кыргыз шоу-бизнесинин сахна ханышасы аталып келген ырчы Айгерим Расул кызы күйөрмандарына ары кызыктуу, бири-бирине окшобогон өзгөчө сүрөт, видеолорун инстаграм баракчасына байма-бай тартуулап турат. Көргөн адамдын көзүн кубанткан ырчы 6 миллион катталуучусу менен өлкөдөгү көрүнүктүү инсандардын сап башында.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын учурда 3 миллион 800 миң катталуучусу бар. Учурунда 1 миллион катталуучум бар деп той берген ырчы акыркы учурларда инстаграмга эмес, кино жаатына көбүрөөк көңүл буруп жаткан өңдөнөт.

Бирде Казакстанда, бирде Дубайда, айтор жаны тынбай чуркап жүргөн ырчы Анжелика Кайратова учурда убактысынын көбүн бизнеске арнап жаткандай. Себеби бир жылдан ашуун убакыттан бери инстаграм баракчасындагы күйөрмандардын саны 3 миллион бир жүздөн аша элек.

Кыргыз шоу-бизнесинин мега жылдызы ырчы Нурлан Насип ырчы мырзалардын арасында катталуучуларынын саны боюнча сап башында келе жатат. Хит чыгармаларды биринен сала бирин жаратып жаткан ырчынын катталуучуларынын саны учурда 3 миллион.

Ал эми күйөрмандарын жылмаюусу менен арбап алган ырчы Данияр Эрматовдун 2 миллион катталуучусу бар.

Бойдокчулук менен кечээ гана коштошуп, "моюнуна каамыт" илинген ырчы Алмаз Шаадаевдин учурда 1 миллион 200 миң катталуучусу бар.

Булардан сырткары кош жылдыздар Аваз Акимов жана Айдана Дека учурда арты-артынан чыгарма жаратып, клип тартып баракчаларын кызыктуу алып барып жаткан чагы. Учурда Аваз Акимовдун 1 миллион 700 миң катталуучусу бар болсо, Айдана Деканын 2 миллион 200 миң катталуучусу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.06.2023. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир ийгиликтин артында дайыма улуу аял турат. Кыргыздын сулуу, татыктуу, келбеттуу жана жагымдуу айымдарына ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: