super.kg logo

5 миңдей милиция кызматкерлери бүтүрүүчүлөрдүн тартибин көзөмөлдөшөт 

 
21-23-июнь күндөрү ички иштер органдарынын кызматкерлери аттестат алуучу мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларын өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, өлкө ичинде орун алган жалпы билим берүү мекемелеринде, коомдук жайларда, көчөлөрдө милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшөт. Жогорудагы иш-чарага ылайык, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган атайын иш-мерчемдер түзүлүп, ага тартыла турган ИИОнун күч каражаттарынын эсеби такталды. Жалпы республика боюнча 5 миңдей милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоого тартылат.
«Эскертебиз, иш-чара өткөрүлүүчү күндөрү коомдук эс алуучу жайларда, калктуу аймактардан сырткары жайларда милиция кызматкерлеринин кайгуулдары күнү-түнү уюштурулуп, жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү ата-энелери менен биргеликте топтошуп көңүл ачуусуна бөгөт коюлат. Бул көрүлүп жаткан чаралар бүтүрүүчүлөрдүн ар кандай терс көрүнүштөргө аралашуусун, жол кырсыктарына дуушар болуусун алдын алууга багытталган», - деп билдиришти мекемеден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: