super.kg logo

Айгерим Эшим: “Менде туулган күнүмө даярданып, өзгөчөлөнтүп өткөрүү деген нерсе жок”

 

Бүгүн, 20-июнда жеке майрамын эстрада ырчысы Айгерим Эшим белгилеп жатат. Аны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, биринчилерден болуп апасы куттуктаганын билдирди.

"Апам жанымда болчу, саат 12ден өткөндө эле куттуктап, белегин берди. Андан кийин үйгө торт, гүлдөрүн көтөрүп досторум келди. Алар менен жүрүп, кайра үйгө келгенче бир тууган иним уктабай мени күтүп отуруптур. Кыскасы түнкү 12ден баштап эле жакындарымдан түрдүү белектерди алып, жакшы каалоо-тилектерди угуп жатам. Социалдык тармак аркылуу куттуктап жаткандардын саны андан да көп. Ар бирине терең ыраазычылык билдирем. Негизи буга чейин деле туулган күнүмдү күтүп, ага даярданып, өзгөчө кылып тосуу үчүн эч аракет деле кылбаптырмын. Бирок бактыма жакындарым, досторум бар экен, жыл сайын ошолор эле уюштуруп, белгилеп салабыз (жылмайып). Бүгүн болсо жакындарым менен шаардын сыртына чыгып, шишкебек жасап отуралы деп жатабыз", - дейт ырчы.

Айгерим Эшим 1996-жылдын дал ушул күнү Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал “Муздаттың”, “Жарың болоюн”, “Эркелет мени” аттуу ырлары менен эл оозуна алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.06.2023. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жаркыраган, сулуу, жагымдуу кыз экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: